Бүгүнкү күндө Кыргызстандык компаниялар буга чейин болуп көрбөгөндөй бир нече терс факторлордун соккусуна кабылды, аларга туруштук берип, жөн гана рынокто калуу аздык кылат, атаандаштык жарышында жеңүүчү болуп чыгуулары керек:

  • КОВИД-19 пандемиясынын кесепеттери жана анын айынан пайда болгон глобалдык инфляция;
  • Украинадагы согуш жана анын кесепетинен талкаланган логистикалык байланыштар жана АКШ доллары менен евронун курсунун туруксуздугу;
  • Өлкө ичиндеги инвестициялык климаттын начарлашы жана салык мыйзамдарынын тез-тезден өзгөрүшү.

Мунун баары ата мекендик компанияларды өз бизнесин өнүктүрүүдө жаңы жолдорду, ишмердүүлүктүн жаңы багыттарын жана жаңы сатуу рынокторун издөөгө мажбур кылууда. Биздин стратегия иштеп чыгуу боюнча кызматыбыз бул милдеттерди чечүүгө жардам берет.

Стратегияны иштеп чыгуу боюнча биз кардарлар менен кандайча иштейбиз?

Рынокту жана рыноктук тренддерди түшүнүү:

Биз силердин компанияга кызык болгон рынокту изилдеп чыгабыз, анткени силердин индустрия бир нече жылдан кийин кандай абалда болот жана рынокто кыйратуучу өзгөрүүлөр болуп кетсе “оюнда” калышы үчүн компанияңыз эмне кылышы керек экенин түшүнүү керек.

Өнүгүүнүн так багыттарын аныктоо жана киреше өндүрүү:

Биз компанияңыздын бизнес-портфолиосун аныктаганга жардам беребиз, бул үчүн так финансылык эсептөөлөрдү жүргүзөбүз, компанияңыздын узак мөөнөттүү негизде атаандаштык талаасында артыкчылыктарга ээ болуп туруу жөндөмүн бекемдөө үчүн келечектүү өсүү багыттарын туура тандаганга багыт беребиз.

Уюм ичиндеги шайкештик:

Биз компаниянын стратегиялык максаттары менен ар бир бөлүмдүн функционалдык максаттарын шайкештикке келтиргенге жардам беребиз. Тактап айтканда, ар бир бөлүм анын ишмердүүлүгү компаниянын жалпы финансылык жыйынтыктарына жана анын узак мөөнөттүү ийгилигине кандайча чагылаарын билет.

Бизнес-процесстерге реинжиниринг:

Биз бизнес процесстердин канчалык деңгээлде кардарларга ыңгайлуу экенин жана натыйжалуулугун анализдеп чыгабыз, ошондой эле компаниянын стратегиясына дал келишин талдап, алардык жакшыртып жана уюмдун ишмердүүлүгүнө киргизебиз.

Кейс

gazprom-neft-asia

«Газпром нефть Азия» менен расмий макулдаштык боюнча иштеген газ түтүктөрүн өткөрүү менен алектенген компания

«Газпром нефть Азия» менен расмий макулдаштык боюнча иштеген газ түтүктөрүн өткөрүү менен алектенген компания жеке үйлөргө газ киргизүү багытындагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү чечкен. Мындай департментти түзгөндөн кийин компания бир катар көйгөйлөргө туш болгон: заказдарды аткаруу мөөнөтү убагында аткарылбайт, көрсотүлгөн кызматтына сапатына карата арыздар түшкөн, дебитордук карыз өскөн, сатуу бөлүмү газ киргизүү боюнча планды аткара алган эмес. Ушундай маселелери менен компанияга бизге кайрылган. Stratton Business Consult компаниясынын консультанттары көп тараптуу иш алып барышты: негизги бизнес процесстерине реинжиниринг жүргүзүштү, сатуу системасын кайра куруп чыгышты, 1С программасын компаниянын муктаждыктарына ыңгайлаштырып беришти, компаниянын финансылык абалын анализдешти, баа саясатын кайра карап чыгышты, компаниянын кызматчыларды жумушка алуу боюнча менеджерлерине окутуу өткөрүштү. Натыйжада биринчи төрт айдын ичинде эле жеке үйлөргө газ киргизүүдөн түшкөн киреше 18%га өскөн.