Соңку иликтөөлөр көрсөткөндөй, климатка эң жаман таасирин тийгизбөө үчүн глобалдык парник газдарынын көлөмү 2030-жылга чейин эки эсеге кыскарып, болжол менен кылымдын ортосуна чейин таза нөлгө жетиши керек. Stratton Business Consult консалтинг компаниясы бул максатты ишке ашырууда Борбор Азия рыногунда энергетикалык аудит жана энергетика (ISO 50001) жана экологиялык (ISO 14001) менеджментинде эл аралык тажрыйбага ээ консультанттардын сертификациясы боюнча кызматтарды сунуштайт. Биздин эксперттер Европада, Азияда, Африкада жана КМШ өлкөлөрүндө энергетикалык аудит жүргүзүү жана энергияны үнөмдөө боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң тажрыйбага ээ.

Энергоэффективдүүлүк жана экологиялык менеджмент стандарттарын киргизүү боюнча биз кардарлар менен кандайча иштейбиз?

Энергоаудиттер:

Биз өнөр жай жана инфраструктуралык объектилердин энергоэффективдүүлүгү боюнча EN 16247 европалык стандарты менен аудит жүргүзөбүз.

Энергоэффективдүүлүк:

Энергияны/ресурстарды натыйжалуу пайдалануу денгээлин көтөрүү боюнча кеңири план иштеп чыгабыз жана комплекстүү финансылык анализ жана сунушталган пландын тобокелчиликтерине анализ жүргүзөбүз.

Сертификациялар:

ISO 50001 жана ISO 14001 стандарттарына карата сертификациялоого даярдоо долбоорлорун ишке ашырабыз.

ВИЭ (ККЭБ – калыбына келүүчү энергия булактары)-станцияларын долбоорлоо:

Эксперттик консультация жана инженердик кызматтарды көрсөтөбүз, ар кандай энергетикалык долбоорлордун, анын ичинде шамал жана күн станцияларынын долбоорлорунун концепциясынан баштап, аны иш жүзүнө ашырганга чейин.

Кейс

macdonalds-bishkek-audit

Кипрдеги McDonald's башкы офистерине энергоаудит

Консультанттарыбыз тарабынан EN-16247 стандартына ылайык 18 ресторанга жана 1 кампага жана Кипрдеги McDonald's башкы офистерине энергоаудит жүргүзүлдү. Аудит учурунда жеринен ченөө иштери аткарылды (электрдик, жылуулук боюнча). Энергетикалык профиль түзүлүп, бенчмаркинг жүргүзүлдү. Ошондой эле, компаниялардын энергетикалык менеджментинин структурасын жана практикасын баалоо ишке ашырылып, энергоэффективдүүлүк/ККЭБ колдонуу боюнча иш чаралардын планы иштелип чыкты. Ишке ашырууга мүмкүндүгүн баалоо (Feasibility analysis).