Көптөгөн компаниялар стратегияны иштеп чыгуу бул жөн гана келечек көрүмдү, миссияны жана баалуулуктарды аныктаган сөз түрүндөгү көнүгүү деп эсептешет. Чындыгында, бул нерселер абдан эле жетишсиз.  Стратегияны иштеп чыгуу бул компаниянын рыноктогу позициясын аныктоо, бизнес үчүн жаңы тармактарды табуу жана алардын потенциалына баа берүү, кирешени көбөйтүү үчүн бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, ошондой эле компаниянын бардык функционалдык бөлүмдөрүнүн акыбалын жана алардын рыноктук позицияларды кармап туруу менен жаңы чөйрөлөрдү өздөштүрүү жөндөмүн аныктоого байланышкан ирээттүү жана көп күчтү талап кылган көлөмдүү эмгек дегенди түшүндүрөт.

Эмне үчүн стратегияны сырткы консультанттар менен иштеп чыккан жакшы.

Мунун 3 себеби бар:

1 - Объективдүүлүк

Сырткы консультанттардын көз караштары бурмаланбайт, алар силердин компанияга көз карандасыз жана кошумча таасирлерсиз карайт. Ички эксперттер жана жетекчилер, биринчиден, компаниянын ички чөйрөсүнө узак убакыт бою жана терең сүңгүп киргендиктен, объективдүүлүктү жоготушат, экинчиден, алардын өзүнүн кызыкчылыктары бар, жайлуу зонадан чыккысы келбейт. Бул сөзсүз түрдө стратегияны иштеп чыгууга таасирин тийгизет.

2 - Чоң тажрыйба

Внешние консультанты обладают широкой отраслевой и бизнес-экспертизой. Они постоянно работают с разными компаниями и отраслями, что дает опыт решения проблем, с которыми каждый отдельный клиент сталкивается раз в десятилетие или даже реже. А также держат руку на пульсе последних трендов в бизнесе и экономике.

3 - Атайын көндүмдөр

Сырткы консультанттар атайын бир көндүмдөргө машыккан – анализ жана синтез, чечимдерди өндүрүү, эң мыкты чечимди баалоо жана тандоо – мунун баары ар бир компанияга маанилүү болгон артыкчылыктарга ээ болууга жардам берет.

Кейс

s-o-c-i-a-l-c-u-t-1RT4txDDAbM-unsplash

Эмерек компаниясы

Кардарларга жакшы таанылып калган Бишкек шаарындагы эмерек компаниясы курулуш жаатындагы жана ага жакын тармактардагы кризистин кесепетин сезе баштаганда бизге кайрылган. Эмерек өндүрүү жаатындагы башка көптөгөн компниялар сыяктуу эле алар белгилүү брэнд экенине жана туруктуу кардарлары бар экенине карабай сатуунун көлөмү төмөндөп, натыйжада кирешенин азайганын сезишкен. Жүргүзүлгөн диагностиканын жана өсүүнүн стратегиялык планынын иштеп чыгуунун негизинде биздин консультанттар аныктап чыгышты, негизги ишмердүүлүгүнө кошумча катары компания өнүктүрүп келген багыттар, бир гана кирешесиз болбостон, чоң көлөмдөгү ресурстарды да талап кылып келген, а эң негизгиси, алар компаниянын стратегиялык өнүгүү багытына туура келген эмес. Консультанттар негизги көйгөйлүү учурларды таап чыгышты, аларды жок кылуу менен компания жөн гана өзүнүн негизги стратегиялык багытына фокус албастан, компаниянын негизги бизнес-процесстерининин натыйжалуулугуна да жетишти, анын жыйынтыгында бизнестин кирешелүүлүгүн жолго коюуга мүмкүн болду.