Борбор Азиядагы «Stratton Business Consult» стратегиялык консалтинг компаниясы 2016-жылы уюшулган жана ал стратегия, маркетинг жана сатуу, уюмдун өнүгүшү, реинжиниринг процесстери жана финансылык менеджмент жаатындагы тажрыйбалуу консультанттардын башын бириктирди. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндөгү бизнестер кандай көйгөйлөргө туш болоорун жакшы түшүнөбүз жана аларды чечүүнүн жолдорун билебиз. Анткени, биз жөн гана кеңеш бербестен, өзүбүз да нөлдөн баштап бизнес менен алектенгенбиз.
Биздин консультанттар бизнести Улуу Британиянын, Германиянын жана Кыргызстандын алдыңкы университеттеринин окушкан жана консалтинг долбоорлорун Кыргызстанда жана Европада ишке ашырып келишет. Ошондуктан, биз бизнеске байланыштуу көйгөйлөрдүн себептерин гана жакшы билбестен, регионалдык бизнес чөйрөсү туурасындагы билимдерибизди жана бизнес маселелерин чечүүдөгү дүйнөлүк алдыңкы технологияларды колдонуу менен өзгөчө чечимдерди табууга жөндөмдүүбүз. Биздин кызматтарды кол менен кармап көрүүгө же дароо баа берүүгө мүмкүн эмес. Бирок, так ошолор сиздин уюмуңузда жана анын ишмердүүлүгүндө өзгөрүүлөрдү жаратып, натыйжада көзгө көрүнө тургандай кирешенин көбөйүшүнө, рынокто ээлеген позицияңыздын жакшырышына, өндүрүшүңүздүн айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирининин азайышына алып келет.
Борбор Азия чөлкөмүндөгү климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу кырдаал курчуп жатканыдыктан, биздин компания европалык өнөктөштөрүбүз менен кызматташтыкты жолго коюп, EN 16247 европалык стандарты боюнча энергоаудит жүргүзүү жана калыбына келүүчү энергия булактарын колдонгон объектилерди долбоорлоо кызматын да сунуштап баштады. Орто жана чакан бизнесте бардык жерде ресурстарды үнөмдөгөн технологиялар колдонулуп баштаса, бизнестеги энергияга кеткен чыгымдын көлөмү азаят деп ишенебиз, ошондой эле Борбор Азияда кургакчылыкка жана аймактардын чөлгө айланышына себеп болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн жайлашына салым кошот деген ойдобуз.
Баалуулуктарыбыз:
Биринчи кезекте – кардар үчүн баалуулук
Идея жана Билим
Командабыз
Назгуль Шекекова, МВА
Башкаруучу өнөктөш/директор, Стратегия жана менеджмент боюнча улук консультант
Улан Аширалиев, МВА
Финансы боюнча консультант
Сертификаттар
2017-жылдан бериЕвропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан квалификацияланган
2017-жылдан бери ОсОО “Stratton Business Consult” Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бизнести башкаруу тармагында консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча квалификацияга ээ.2019-жылдан бериОрус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (RKDF) тарабынан аккредитациядан өткөн
2019-жылдын февраль айынан баштап биздин компания Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) каржылоону алуу үчүн бизнес-пландарды жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча аккредитациядан өткөн консалтингдик компания болуп саналат.2020-жылдан бериPEAK уюмунун сертификациядан өткөн консультантары
2020-жылдан бери биздин консультанттар британиялык PEAK ишкердикти өнүктүрүү долбоорунун сертификацияланган консультанттары.2022-жылдан бериUSAIDдин Борбордук Азиядагы соода боюнча Программасынын сертификациядан өткөн консультанттары
2022-жылдан бери биздин консультанттар USAIDдин Борбордук Азиядагы соода программасынын сертификацияланган консультанттары болуп саналат.
Биз менен ишти баштоо үчүн кадамдар
КАДАМ
КАДАМ
КАДАМ
Биздин ишке мамилебиз:
Система
Биз сиздин бизнесиңизди өз ара байланышкан элементтерден турган система катары карайбыз. Бул бизге эмне берет? Биз көп эле көрүп жүрөбүз, айрым компаниялар белгилүү бир багыт боюнча гана адистешкен консультанттарды (финансы, технология ж.б. боюнча) жалдап, бирок жалпы компанияда жакшы өзгөрүүлөрдү сезишпейт. Бул өз тармагын гана жакшы түшүнгөн адистер, тилекке каршы, алардын консультациялары башка бөлүмдөргө же бүтүндөй бизнеске кандай таасир этээрин алдын ала көрө албагандыктан келип чыгат. Ошондуктан, биздин бардык долбоорлор кардар үчүн эң жакшы натыйжаны камсыз кылуу үчүн general management жаатындагы эл аралык бизнес боюнча билими бар менеджерлер тарабынан башкарылат.