директор страттон бизнес консалт Шекекова Назгуль

Борбор Азиядагы «Stratton Business Consult» стратегиялык консалтинг компаниясы 2016-жылы уюшулган жана ал стратегия, маркетинг жана сатуу, уюмдун өнүгүшү, реинжиниринг процесстери жана финансылык менеджмент жаатындагы тажрыйбалуу консультанттардын башын бириктирди. Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндөгү бизнестер кандай көйгөйлөргө туш болоорун жакшы түшүнөбүз жана аларды чечүүнүн жолдорун билебиз. Анткени, биз жөн гана кеңеш бербестен, өзүбүз да нөлдөн баштап бизнес менен алектенгенбиз.

Биздин консультанттар бизнести Улуу Британиянын, Германиянын жана Кыргызстандын алдыңкы университеттеринин окушкан жана консалтинг долбоорлорун Кыргызстанда жана Европада ишке ашырып келишет. Ошондуктан,  биз бизнеске байланыштуу көйгөйлөрдүн себептерин гана жакшы билбестен, регионалдык бизнес чөйрөсү туурасындагы билимдерибизди жана бизнес маселелерин чечүүдөгү дүйнөлүк алдыңкы технологияларды колдонуу менен өзгөчө чечимдерди табууга жөндөмдүүбүз. Биздин кызматтарды кол менен кармап көрүүгө же дароо баа берүүгө мүмкүн эмес.  Бирок, так ошолор сиздин уюмуңузда жана анын ишмердүүлүгүндө өзгөрүүлөрдү жаратып, натыйжада көзгө көрүнө тургандай кирешенин көбөйүшүнө, рынокто ээлеген позицияңыздын жакшырышына, өндүрүшүңүздүн айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирининин азайышына алып келет.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү климаттын өзгөрүшүнө жана айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу кырдаал курчуп жатканыдыктан, биздин компания европалык өнөктөштөрүбүз менен кызматташтыкты жолго коюп, EN 16247 европалык стандарты боюнча энергоаудит жүргүзүү жана калыбына келүүчү энергия булактарын колдонгон объектилерди долбоорлоо кызматын да сунуштап баштады. Орто жана чакан бизнесте бардык жерде ресурстарды үнөмдөгөн технологиялар колдонулуп баштаса, бизнестеги энергияга кеткен чыгымдын көлөмү азаят деп ишенебиз, ошондой эле Борбор Азияда кургакчылыкка жана аймактардын чөлгө айланышына себеп болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн жайлашына салым кошот деген ойдобуз.

Конференция алма аты

Миссиябыз

Биз сиздин бизнесиңизди кирешелүү, ирээттүү жана туруктуу кылып беребиз!

Баалуулуктарыбыз:

Өз ишибизде биз төмөнкү принциптерди карманабыз:

Биринчи кезекте – кардар үчүн баалуулук

Биз орто бизнестен тартып ири компанияларга чейин, стартаптардан тартып мамлекеттик уюмдар жана эл аралык долбоорлорго чейин ар кандай тармактагы компаниялар менен иштейбиз. Биздин ийгилигибиз кардарларыбыздын ийгилиги менен өлчөнөт. Кардарларыбыз биздин кызматтарыбыз үчүн салган инвестициясынан ашыкча пайда алаарына 100% көзүбүз жетпесе, биз ал ишти мойнубузга албайбыз. Ошондуктан, биз олуттуу натыйжаларга багыт алабыз: бизнесиңиздин өсүшү, атаандаштыкта артыкчылыктарга ээ болуу жана операциялык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Идея жана Билим

Биздин максат – жөн гана мыкты инструменттерди колдонуу эмес, биз аларды ойлоп табабыз. Кардарларыбыздын маселелерине чыгармачыл мамиле кылуу менен жана биздин бай тажрыйбабыздын аркасында, бизнести башкаруу илими менен искусствосундагы чектерди кеңейтебиз. Биздин милдет – бай тажрыйбабызды ишке салуу менен Борбор Азия шартында бизнести башкаруунун жаңы куралдарын жаратуу.

Командабыз

Назгуль Шекекова, МВА

Башкаруучу өнөктөш/директор, Стратегия жана менеджмент боюнча улук консультант


Стратегиялык менеджмент жана маркетинг, сатуу жана жаңы компанияларды ишке киргизүү жаатында 20 жылдык тажрыйбага ээ консультант. Назгуль реклама, эмерек жана бизнес-окутуу жаатында 3 компанияны негиздеген. МВА даражасын Mannheim Business School (Германия) окуу жайынан алган, АКШ жана Чехияда бизнес-стажировкадан өткөн. Бизнес-модель иштеп чыгуу, стратегия жана жаңы продуктту ишке киргизүү боюнча долбоорлорду Кыргызстанда жана Германияда ишке ашырган. Назгуль Кыргызстандагы ар кандай тармактагы 100дөн ашуун компанияга стратегиялык маркетинг, сатууларды башкаруу жана бизнес-стратегия боюнча кеңештерди берген. Кыргыз, орус, англис жана немис тилдеринде сүйлөйт.

Улан Аширалиев, МВА

Финансы боюнча консультант


Финансылык менеджмент боюнча тажрыйбалуу консультант, Улан банк жана микрофинансылык компанияларда 15 жылдан ашуун иштеген. Дүйнөлүк Банктын насыя берүү боюнча долбоорунун консултанты болуп иштеген. Экономиканын ар кандай тармактарындагы компаниялар үчүн эл аралык финансылык институттардан каржылоо алуу боюнча 50дөн ашуун бизнес-пландарды иштеп чыккан. Көптөгөн жеке компанияларда жана кредиттик мекемелерде башкаруу учету менен көзөмөлдү жолго коюу боюнча иш алып барган. Тобокелчиликтерди башкаруу боюнча тажрыйбалуу менеджер. Финансылык сектордо колдонулган программалык камсыздандыруу боюнча эксперттик билимдерге ээ. «Манас» кыргыз-түрк университетин бүтүргөн, МВА даражасын КРнын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясынан алган. Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөйт.

Сертификаттар

  • 2017-жылдан бериЕвропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан квалификацияланган

    2017-жылдан бери ОсОО “Stratton Business Consult” Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бизнести башкаруу тармагында консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча квалификацияга ээ.
  • 2019-жылдан бериОрус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (RKDF) тарабынан аккредитациядан өткөн

    2019-жылдын февраль айынан баштап биздин компания Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) каржылоону алуу үчүн бизнес-пландарды жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча аккредитациядан өткөн консалтингдик компания болуп саналат.
  • 2020-жылдан бериPEAK уюмунун сертификациядан өткөн консультантары

    2020-жылдан бери биздин консультанттар британиялык PEAK ишкердикти өнүктүрүү долбоорунун сертификацияланган консультанттары.
  • 2022-жылдан бериUSAIDдин Борбордук Азиядагы соода боюнча Программасынын сертификациядан өткөн консультанттары

    2022-жылдан бери биздин консультанттар USAIDдин Борбордук Азиядагы соода программасынын сертификацияланган консультанттары болуп саналат.

Биз менен ишти баштоо үчүн кадамдар

Биздин ишке мамилебиз:

«Stratton Business Consult» сиздин маселелериңизди чечүүдө кандайча иш алып барат? Сиздин алдыңызда турган бизнес-маселелерди чечүүдө биз үч нерсеге таянабыз:

Система

Биз сиздин бизнесиңизди өз ара байланышкан элементтерден турган система катары карайбыз. Бул бизге эмне берет? Биз көп эле көрүп жүрөбүз, айрым компаниялар белгилүү бир багыт боюнча гана адистешкен консультанттарды (финансы, технология ж.б. боюнча) жалдап, бирок жалпы компанияда жакшы өзгөрүүлөрдү сезишпейт. Бул өз тармагын гана жакшы түшүнгөн адистер, тилекке каршы, алардын консультациялары башка бөлүмдөргө же бүтүндөй бизнеске кандай таасир этээрин алдын ала көрө албагандыктан келип чыгат. Ошондуктан, биздин бардык долбоорлор кардар үчүн эң жакшы натыйжаны камсыз кылуу үчүн general management жаатындагы эл аралык бизнес боюнча билими бар менеджерлер тарабынан башкарылат.