Ийгиликтүү компаниялар – адаттар өз кардарларына аларды канагаттандырган продукт сунуштаган компания болуп саналат жана алар муну натыйжалуу ишке ашыра алышат.  Ошондуктан, ички процесстерди жөндөп алуу жана компания кызматкерлеринин ички өз ара алакалары актуалдуу милдет болуп эсептелет. Бул айрыкча автоматташтыруу алдында өтө маанилүү (CRM, 1С ж.б.), болбосо компания программага кардарларга багыт албаган жана натыйжасыз процессти бекемдеп алышы мүмкүн.  

Процесстин схемасынын мисалы

Ички процесстерди жөндөп алуу компанияга эмне берет:

1 - Департаменттер менен кызматкерлердин ортосундагы кызматташтыкты жана иш алып барууну жөнгө салат.

2 - Процесстерди болушунча кардарларга ылайыкташтырат жана натыйжалуулугун арттырат.

3 - Кардарларды тейлөөнү жакшыртат жана аны силердин атаандаштыктагы артыкчылыгыңарга айлантат.

Кейс

nastuh-abootalebi-yWwob8kwOCk-unsplash

Дарбаза жана терезе чыгарган компания

Дарбаза жана терезе чыгарган компания бизге сатууну автоматташтыруу жана заказдарды иштеп чыгуудагы көйгөйлөрү менен кайрылган. Биздин компаниянын консультанттары автоматташтырууну ишке ашыруучулар менен кызматташтыкта компаниянын кардарларынын пикирлерин жана бизнес-процесстерди анализ кылып чыгышты. Консультанттар айрым “кууш жерлерди” аныктап, бизнес-процесстерди бир эле убакта кардарларга ыңгайлуу жана натыйжалуу кылып жакшыртышты. Жаңыртылган процесс CRM базасында кардарлар менен алаканы автоматташтырууга негиз болуп берди. Компаниянын кызматкерлерине программа менен иштөө боюнча окуу өткөрүлдү. Бул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда кызматкерлердин санариптик көндүмдөрү канчалык денгээлде өнүккөнүн эске алуу керек жана алардын өзгөрүүлөргө карата каршылыгын төмөндөтүү үчүн иш чараларды көрүү зарыл.