Жашыл экономикага өтүү Кыргызстан үчүн да актуалдуулукка ээ болууда, анткени климаттык өзгөрүүлөр Борбор Азия чөлкөмүндө суунун жетишсиздигине байланыштуу кырдаалды кескин начарлатууда. EN 16247 боюнча энергоаудит – бул өнөр жай же курулушта ресурстарды колдонуу чынжырчасын текшерүү, изилдөө жана анализдөөнү камтыган стандартташтырылган иликтөө болуп саналат. Ошондуктан, бир гана энергия агымына эмес, сырье, калдыктар жана суу агымына да көңүл бурулат, ошондой эле, эгер зарылдык болсо деталдуу ченөө иштери аткарылат.  Энергияны жана сууну керектөө боюнча салыштырма анализ жүргүзүлөт, энергоменеджментти баалоо, андан сырткары көмүртек изине анализ жасалат. Энергияны/ресурстарды сарамжал пайдалануунун натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар иштелип чыгат. Сунушталган чараларди ишке ашыруу үчүн комплекстүү финансылык анализ жана тобокелчиликтер анализи жүргүзүлөт, ошондой эле ишке ашыруу боюнча убактылуу план иштелип чыгат.

Кейс

lycs-architecture-U2BI3GMnSSE-unsplash

Unilever

Консультанттар тарабынан Афинадагы жана Салониктеги 3 Unilever офисине EN-16247 стандарты боюнча энергоаудит жүргүздү. Аудит учурунда ордунан ченөө иштери (электрдик, жылуулук) аткарылды. Энергетикалык профиль түзүлүп, бенчмаркинг жүргүзүлдү. Ошондой эле, компаниянын энергетикалык менеджментинин структурасын жана практикасын баалоо ишке ашырылып, энергоэффективдүүлүк/ККЭБ колдонуу боюнча иш чаралардын планы иштелип чыкты. Ишке ашырууга мүмкүндүгү бааланды (Feasibility analysis).