Биз жогору суроо-талапка ээ консалтинг продуктуларыбыздын бири болгон “Сатуу машинасын” сунуштайбыз, аны биздин кардар компаниялардын көйгөйлөрүн чечүүдө алган тажрыйбаларыбыздын негизинде жана жеке өзүбүздүн  сатуу тажрыйбабызга таянып иштеп чыктык. Биздин бул продуктубузда   бардык сатуу бөлүмдөрү туш боло турган эки көйгөйдүн чечими камтылган: система жана адамдар. Ошондуктан, сиздин сатуу бөлүмүңүздүн эки элементине тең максаттуу түрдө таасир этүүгө аракет жасалат: биз системаны иштеп чыгабыз жана ишке салабыз, аны иштете турган кызматкерлерди тандайбыз жана окутабыз.

схема продаж HR Бишкек

Натыйжада эмнеге ээ болосуз?

Сиздин компанияңыз үчүн сатуу технологиясы

Бөлүмдүн ички уюштуруу процедуралары

Сатуу бөлүмүнүн жөнгө салынган иштөө механизми

Сиздин уюмуңузга туура келген сатуу кызматкерлерин тандоо технологиясы

Окутулган жана шыктанган кызматкерлер

Окутулган жана даярдыктан өткөн бөлүмдүн менеджери

Сатуу кызматкерлерин жана бөлүм башчысын материалдык жана материалдык эмес түрдө шыктандыруу системасы

Кейс

konstantin-evdokimov-JALUvPLUde8-unsplash

Эмерек жасоого керектүү тетиктер менен камсыз кылган компания

Өз рыногунда лидерлик позицияны ээлеп келген эмерек жасоого керектүү тетиктер менен камсыз кылган компания Stratton Business Consult компаниясына жакында эле түзүлгөн сырткы сатуу бөлүмүнүн ишин системалаштыруу маселеси менен кайрылган. Консультанттар бөлүмдүн ишин регламенттештирип, сатуу процессин структурага келтирип, сатуу планын жана сырткы сатуу бөлүмүнүн менеджерлеринин ишин баалоонун критерийлерин аныктоо боюнча кеп-кеңештерди иштеп чыгышты, бөлүмдүн кызматкерлерине тренинг, коучинг өткөрүштү. Бул долбоордун натыйжасында компания түштүк региондо өзүнүн өкүлчүлүгүн ача алды жана аны консультанттар уюштурган окуулардан, коучингден өткөн кызматкерлер менен камсыз кылды.