Назгуль Шекекова, МВА

Башкаруучу өнөктөш/директор, Стратегия жана менеджмент боюнча улук консультант


Стратегиялык менеджмент жана маркетинг, сатуу жана жаңы компанияларды ишке киргизүү жаатында 20 жылдык тажрыйбага ээ консультант. Назгуль реклама, эмерек жана бизнес-окутуу жаатында 3 компанияны негиздеген. МВА даражасын Mannheim Business School (Германия) окуу жайынан алган, АКШ жана Чехияда бизнес-стажировкадан өткөн. Бизнес-модель иштеп чыгуу, стратегия жана жаңы продуктту ишке киргизүү боюнча долбоорлорду Кыргызстанда жана Германияда ишке ашырган. Назгуль Кыргызстандагы ар кандай тармактагы 100дөн ашуун компанияга стратегиялык маркетинг, сатууларды башкаруу жана бизнес-стратегия боюнча кеңештерди берген. Кыргыз, орус, англис жана немис тилдеринде сүйлөйт.

Марал Сагыналиева,

Туруктуу өнүгүү боюнча консультант


Марал Сагыналиева туруктуу өнүгүү боюнча эксперт жана көз карандысыз иликтөөчү болуп саналат. Ал Улуу Британиядагы York University (2020) окуу жайынын эл аралык саясий экономика жаатында магистр даражасына жана ошондой эле мамлекеттик саясат жаатында да магистр даражасына ээ, Graduate Institute for Policy Studies, Япония (2013). Азыркы учурда ал Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясында да “социалдык жана экологиялык кесепеттер жагынан алганда элеттик жана эл аралык өнүгүү” темасы боюнча аспирант катары эмгектенет. 2021-2023 – жылдары ФАО долбоорунун улуттук координатору жана Кыргыз Республикасы үчүн Картахен протоколунун/биокоопсуздук механизми жаатындагы саясат боюнча эксперт катары иштеген. 2022-жылы ал тогуз чакан гидроэлектростанциялары (ГЭС) бар жергиликтүү электростанциялар операторуна ЕРӨБнын гидроэнергетикалык долбоорлор үчүн экологиялык жана социалдык маселелер боюнча Колдонмосуна (2016) ылайык экологиялык жана социалдык баалоо жүргүзүү үчүн эксперт катары тартылган. 2020-2021 - жылдары Кыргызстандын түштүгүндө биотүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча GIZ долбоорунун алкагында мониторинг жана баалоо боюнча адис катары иштеген. Айыл чарбанын органикалык өнүгүшү, социалдык-экономикалык өнүгүү, экологиялык модернизация ж.б. маселелер боюнча бир катар публикациялары бар. Марал кыргыз, англис жана орус тилдеринде сүйлөйт.

Улан Аширалиев, МВА

Финансы боюнча консультант


Финансылык менеджмент боюнча тажрыйбалуу консультант, Улан банк жана микрофинансылык компанияларда 15 жылдан ашуун иштеген. Дүйнөлүк Банктын насыя берүү боюнча долбоорунун консултанты болуп иштеген. Экономиканын ар кандай тармактарындагы компаниялар үчүн эл аралык финансылык институттардан каржылоо алуу боюнча 50дөн ашуун бизнес-пландарды иштеп чыккан. Көптөгөн жеке компанияларда жана кредиттик мекемелерде башкаруу учету менен көзөмөлдү жолго коюу боюнча иш алып барган. Тобокелчиликтерди башкаруу боюнча тажрыйбалуу менеджер. Финансылык сектордо колдонулган программалык камсыздандыруу боюнча эксперттик билимдерге ээ. «Манас» кыргыз-түрк университетин бүтүргөн, МВА даражасын КРнын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясынан алган. Кыргыз, орус, англис жана түрк тилдеринде сүйлөйт.

Томас Филиппу

Энергоэффективдүүлүк жана калыбына келүүчү энергия булактары боюнча консультант


Филиппу мырза өнөр жайларда, жеке жана коомдук имараттардагы ресрустарды үнөмдөө тармагындагы, EN-16247 европалык стандартына ылайык энергоаудит жүргузүү жана калыбына келүүчу энергия булактары боюнча (фотоэлектрдин / күн / жылуулук / шамал / биомасса) долбоорлорду иштеп чыгуу, долбоорлоо, курулушка көз салуу жана ошондой эле кредитор тарабынан инженер катары ишмердүүлүк кылуу боюнча тажрыйбалуу эл аралык консультант болуп саналат. Томас мындан тышкары, энергетикалык менеджмент жана ISO 50001 стандартын иштеп чыгуу боюнча кеңири билимдерге ээ. Ал дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Борбор Азияда (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан) долбоорлорду ишке ашырган. Томас Улуу Британиянын Heriot-Watt University окуу жайынын энергетика жаатында магистр даражасына ээ. Ал инженерия жаатындагы сертификатка ээ тренер болуп саналат, имараттарда жана өнөр жайларда ЭЭ/РЭС боюнча тренигдерди өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ, ошондой эле ЭЭ/РЭС боюнча ар кандай тренингдер үчүн окуу материалдарын иштеп чыккан. Англис, грек жана француз тилдеринде сүйлөйт.