Пандемиянын кесепеттери жана Украинадагы согуш Борбор Азиялык компаниялар иштеп келген салттуу рынокторду кыскартууда. Европанын, Американын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын рыноктору сыяктуу жаңы рынокторго кирүү жана өнүктүрүү аркылуу рынокторду диверсификациялоо зарылчылыгы келип чыкты. Биздин компания компанияларга рынокту изилдөөдөн баштап өнөктөш издөөгө чейин экспорттук стратегияларды иштеп чыгууга жардам берет.  

Эл аралык рынокторго чыгуу боюнча биздин кызматтар

Эл аралык рынокторго чыгуу боюнча биз кардарлар менен кандайча иштейбиз?

Рынокту тыкат изилдөө:

максаттуу чет өлкөлүк рынокту ирээттүү түрдө изилдеп чыгабыз жана рыноктук тренддерди аныктайбыз.

Компаниянын экспортко даярдыгын баалоо:

компаниянын жана анын продуктуларынын күчтүү жана алсыз жактарын анализдейбиз, компанияны экспортко даярдоо боюнча план түзөбүз.

Экспорттук стратегияны иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууга жардам көрсөтүү:

максаттуу сегменттерди жана аларга жетүүнүн натыйжалуу жолдорун аныктайбыз.

Кейс

кейс случай HR

Мөмө-жемиш компаниясы

Компания мөмө-жемиш кактарын өнөр жайдык көлөмдө жана кеңири ассортиментте өндүрүүгө адистешкен. Аны өндүрүүдө кант, боёктор, стабилизаторлор, даам күчөткүчтөр жана башка химиялык заттар колдонулбайт, ошондуктан аны сергек жашоо образы жана туура тамактануу продуктусу катары туура классификациялоого болот. Мындай продукт керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүндө барган сайын популярдуу болуп, премиум деп эсептелет. Ички рынок анча чоң эмес жана төлөө жөндөмү чектелүү болгондуктан, бул факторлор компаниянын стратегиялык жактан алганда ийгиликтүү өнүгүүсүн абдан чектеп келген. Мындай шартта продуктуну сырткы рынокторго чыгаруу зарылдыгы пайда болду - жетиштүү денгээлде чоң жана кирешеси жогору болгон потенциалдуу кардарлар бар Евробиримдиктин өлкөлөрү сыяктуу. Анын үстүнө бул өлкөлөр ВСП+ программасынын алкагында Кыргызстанга артыкчылык беришет.

Биздин консультант Германияда аталган компаниянын продуктуларын сатууга кызыктар болгон Мюнхендик немис өнөктөш менен байланышка чыгып, продукт жеткирүү боюнча тиешелүү келишимге кол коюлду.  Биринчи жолкусунда ар кандай ассортименттеги 500 кг как жеткирүү макулдашылган, андан кийин ай сайын кеминде 500-600 кг ташылмакчы. Мындай жагдай компаниянын продукциясына атаандаштыкта баасы жагынан артыкчылык берип, натыйжада кирешелүү жана келечектүү рынокто сатууну өстүрүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты, демек, көп жыл алдыга стратегиялык жактан өнүгүү менен камсыз кылды.