Биздин компания башталгыч ишкерлер менен стартаптарга кеңеш берүү жагынан чоң тажрыйбага ээ. Биздин консультанттар мурда өзүлөрү ишкер болушкан жана жаңы ишин баштап жаткан ишкерлер кандай кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарга туш болушаарын алар жакшы билишет.

Стартаптар үчүн бизнес-консалтинг боюнча биз кардарлар менен кандайча иштейбиз?

Бизнести моделдөө:

Сиздин стартапыңыз үчүн бизнес-модель иштеп чыгабыз.

Каржылоо алууга даярдоо:

Инвесторлорду тартуу үчүн бизнес-план жана презентация даярдоо.

Бизнес системасын куруу:

Маркетингден баштап керектүү кызматкерлерди жумушка алууга чейинки бардык бизнес системаларын курууга жардам берүү.

Кейс

кейс случай HR

Баткен облусундагы Экостартап

Баткен облусундагы айыл чарба өндүрүүчүсү акселерация программасынын алкагында биздин консультанттан кеңештерди алган. Фермер дөңсөөлөрдөгү кайрак жерде экспортко багытталган экологиялык жактан таза өрүк өстүрүү менен алектенет, ал биогумус жана тамчылатып сугаруу боюнча акылдуу технологияны колдонот. Биздин консультант ал кардарга киреше менен чыгашаны туура эсептегенди үйрөттү, аны менен бирге туура финансылык модель курганды жана фермасын андан ары туура пландоого жардам берди.