Санариптик маркетинг стратегиясы: иштеп чыгуу жана ишке ашырууну башкаруу

digital-marketing-cntral-asia

Кадимки маркетинг сыяктуу эле, санариптик маркетинг товарлар менен кызматтарды сатууну илгерилетет, болгону коммуникациянын санариптик каналдарын колдонот.  Анда кадимки маркетингдеги эле эрежелер иштейт. Бирок, адаттагыдай эле бул жердеги чеберчилик – рынокту тыкат изилдеп чыккан соң, кардарлардын максаттуу тобуна багытталган каналдар менен месседждердин натыйжалуу аралашмасын иштеп чыгуу болуп саналат. Биздин компания санариптик маркетинг стратегиясын иштеп чыгат жана биздин өнөктөш агенттиктерибиздин жардамы менен төмөнкү элементтерге таасир этүү аркылуу силердин маркетингдик активдүүлүгүңөрдүн башкы координатору болуп берет:

  • Атаандаштыкта артыкчылыкка ээ позицияны аныктоо
  • УСС (уникалдуу соода сунушу) иштеп чыгуу
  • УСС чагылдырган логотип жана промо-материалдарды визуалдаштыруу
  • Веб-сайтты иштеп чыгуу жана SEO текшерүү (оптимиалдаштыруу)
  • Коротулган ар бир сомдон болушунча кайтарым болгондой кылып натыйжалуу план түзүү (бул кызмат Кыргызстан рыногу үчүн гана).

«Бул кызматтарды түздөн-түз агенттиктердин өзүнөн заказ кылганыбыз жакшы эмеспи?» - деген сурооңу пайда болоттур.

«Жок, андай эмес»,- деп жооп беребиз. Буга эки себеп бар:
Биздин консультанттардын адискөйлүгү рынокту сапаттуу изилдөөгө жол берет жана сиздин компанияңыз атаандаштарыңарга караганда рынокто туура позицияда болушу үчүн стратегия иштеп чыгабыз, бул болсо мыкты рекламалык компаниянын негизги шарты болуп саналат;
Биздин компания бардык маркетингдик активдүүлүк компанияңыздын максаттуу керектөөчүлөрдүн ан-сезимине бекип калышына багытталып жатканына көз сала турган квалификациялуу менеджер-координатор болуп бере алат.