Система

Биз сиздин бизнесиңизди өз ара байланышкан элементтерден турган система катары карайбыз. Бул бизге эмне берет? Биз көп эле көрүп жүрөбүз, айрым компаниялар белгилүү бир багыт боюнча гана адистешкен консультанттарды (финансы, технология ж.б. боюнча) жалдап, бирок жалпы компанияда жакшы өзгөрүүлөрдү сезишпейт. Бул өз тармагын гана жакшы түшүнгөн адистер, тилекке каршы, алардын консультациялары башка бөлүмдөргө же бүтүндөй бизнеске кандай таасир этээрин алдын ала көрө албагандыктан келип чыгат. Ошондуктан, биздин бардык долбоорлор кардар үчүн эң жакшы натыйжаны камсыз кылуу үчүн general management жаатындагы эл аралык бизнес боюнча билими бар менеджерлер тарабынан башкарылат.

Көрүм

Эч бир бизнес так көрүм болбосо өнүгө албайт. Биз сиздин компанияңызга кайда баруу керектигин жана ал жакка кантип жетүүнү аныктоого жардам беребиз. Ошондуктан, биз атаандаштык чөйрөнү, рынок тенденцияларын, өзгөрүп жаткан керектөөчүлөрдүн жүрүм-турумун кылдат изилдеп чыгабыз жана аларды иштин жүрүшүндө эске алабыз, жана сиздин компанияңыз үчүн эң маанилүү нерсе болгон - сиздин атаандаштыктагы артыкчылыктарыңызды табуу жана бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгабыз.

Биз өзүбүз компанияларды негиздегенбиз, ошондуктан сиздин компанияңызды өзүңүз каалаган көрүмгө жеткире турган стратегияларды кантип иштеп чыгуу керектигин билебиз. 

Ишке киргизүү

100дөн ашык компанияларга кеңеш берүү боюнча тажрыйбабыздын негизинде биз кардарлар үчүн натыйжага жетүү канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Жана бул биздин компаниянын өзгөчө сапаты. Ар бир консалтинг долбоорун ишке ашырууда биз сиздин кызматкерлерди процесске тартабыз жана алардын кесипкөйлүгүн кошо өстүрөбүз, бул киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн ийгиликтүү ишке ашышын гана камсыздабастан, ошондой эле сиздин кызматкерлерди келечекте да ушундай өзгөртүүлөрдү өз алдынча ишке ашырууга үйрөтөт. Бул биздин кеңеш берүү жана окутуу боюнча практикалык тажрыйбабыздын аркасында мүмкүн.