Биринчи кезекте – кардар үчүн баалуулук

Биз орто бизнестен тартып ири компанияларга чейин, стартаптардан тартып мамлекеттик уюмдар жана эл аралык долбоорлорго чейин ар кандай тармактагы компаниялар менен иштейбиз. Биздин ийгилигибиз кардарларыбыздын ийгилиги менен өлчөнөт. Кардарларыбыз биздин кызматтарыбыз үчүн салган инвестициясынан ашыкча пайда алаарына 100% көзүбүз жетпесе, биз ал ишти мойнубузга албайбыз. Ошондуктан, биз олуттуу натыйжаларга багыт алабыз: бизнесиңиздин өсүшү, атаандаштыкта артыкчылыктарга ээ болуу жана операциялык ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу.

Идея жана Билим

Биздин максат – жөн гана мыкты инструменттерди колдонуу эмес, биз аларды ойлоп табабыз. Кардарларыбыздын маселелерине чыгармачыл мамиле кылуу менен жана биздин бай тажрыйбабыздын аркасында, бизнести башкаруу илими менен искусствосундагы чектерди кеңейтебиз. Биздин милдет – бай тажрыйбабызды ишке салуу менен Борбор Азия шартында бизнести башкаруунун жаңы куралдарын жаратуу.

Инсанга басым жасайбыз

Биз ар бир инсанды баалайбыз жана сыйлайбыз, биздин кардарыбыз, өнөктөшүбүз же кызматкерибиз болсун. Ар биринен бизнес үчүн да, жашоо үчүн баа жеткис сабактарга үйрөнөбүз жана алардын ар бири менен өз билимдерибиз жана тажрыйбабыз менен бөлүшө алабыз. Биздин команда – биздин кардарларыбыздын маселелерин чечүү жөндөмүбүздүн пайдубалы болуп саналат. Ошондуктан биз кайталангыс адистерди издөөгө, алардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, алардын өсүшү үчүн достук жана кызматташтыкка негизделген жагымдуу чөйрө түзүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.

Социалдык жоопкерчилик

Биз Борбор Азия өнүгүп жатканын көрүп жатабыз, бирок бул процессти тездетүүгө өз салымыбызды кошкубуз келет. Биз ишенебиз, биздин өлкөлөрүбүздүн – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын келечеги прогресске жана цивилизацияга умтулган билимдүү адамдардын колунда! Жана биз билимдүүлүк менен адискөйлүктүн деңгээлин көтөрүүгө салымыбызды кошуп келебиз, өзүбүздүн кесиптик чөйрөбүздө да, кардарларыбыздын жамааттарында да, таланттуу студенттер жана жаш адистер үчүн ментордук жана лидерлик программаларыбыз аркылуу жаштар арасында да бул багытта иш алып барабыз.

Айлана-чөйрөгө таасирди жакшыртуу

Биз баарыбыз күбө болуп келебиз, жыл өткөн сайын күндүн аябай ысышы, кургакчылык, суунун аздыгы Борбор Азияда көнүмүшкө айланып бара жатат. Ошондуктан биз аймакта энергоэффективдүүлүк стандарттарын киргизүү аркылуу келечек муун үчүн айлана-чөйрөнү коргоого алгылыктуу салымыбызды кошууга умтулабыз.