Заманбап банктарда сервистин жогорку деңгээлде болушу – бул must have. Биздин консультанттар тарабынан Бишкектеги банктардын биринде сервистик тейлөө боюнча тренинг өткөрүлдү. Кардарлар менен баарлашууда алдыңкы сапта турган операциялык башкаруу менеджерлери интерактивдүү тренинге кызыгуу менен катышып, адамдар менен баарлашуу көндүмдөрүн чыңдашты, ар кандай кырдаалдарда, айрыкча чыр-чатактуу учурларда кандай реакция кылуу керектигин үйрөнүштү, ошондой эле кошумча кызматтар боюнча кросс-сатуу көндүмдөрүн өздөштүруштү.