Көптөгөн жетекчилер өз компаниясын башкарууда финансы тармагын толугу менен башкы бухгалтерине өткөрүп берип коет. Негизи, толук кандуу иш алып барган бухгалтериянын башкы критерийи болуп компаниянын салыктык текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өтүшү болуп саналат. Чындыгында, сиздин учеттук системаңыз топтогон маанилүү маалыматтар анализделип, негиздүү башкаруу чечимдерин кабыл алууда эске алынышы керек. Бул үчүн биз компаниялардын жетекчилерине маанилүү маалыматтардын аналитикасын жөнгө салууга жардам беребиз, финансылык маалыматтарды түшүнүүгө үйрөтөбүз, ал маалыматтардын бизнес менен байланышын түшүндүрөбүз.

Финансылык менеджмент боюнча биздин кызматтар

BI-платформаларынын базасында финансылык менеджментти санариптештирүү

Компанияда финансылык менеджмент системасын түзүү жана ишке киргизүү

Финансылык менеджмент боюнча биз кардарлар менен кандайча иштейбиз?

Финансыны башкарууну санариптештирүү:

Биз финансыны башкаруу системасын бизнес-аналитика платформаларынын базасында санариптештирүүгө жардам беребиз.

Бизнес-ишмердүүлүктү анализдөө үчүн негизги көрсөткүчтөрдү аныктоо:

Биз жетекчилерге сапаттуу башкаруу чечимдерин кабыл алууга керек боло турган маалыматтарды бухгалтериядан алууга үйрөтөбүз. Ал маалыматтарды кантип колдонуу керектигин түшүндүрөбүз жана бухгалтерлер, финансисттер жана банкирлер менен бир тилде сүйлөшүүгө үйрөтөбүз.

Кейс

furniture-business-consulting

Эмерек компаниясы

Тездик менен өнүгүп жаткан эмерек компаниясы бизге финансыларды тартипке келтирүү өтүнүчү менен кайрылган. Диагностика көрсөткөндөй, компаниянын бухгалтерияга байланыштуу жана башкаруу учету менен байланышкан көп көйгөйлөрү бар экен. Консультанттар учеттук саясатты жана эсептер планын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүштү, бухгалтердик учетту жөнгө салууга, калкуляцияны туура жүргүзүүгө жардам беришти, жетекчилерге негизги бухгалтердик отчетторду туура окууга, ал жактан башкаруу чечимдерин кабыл алууга керектүү болгон маалыматтарды алууга үйрөтүштү.