Заманбап технологиялык өнүгүү кардарларды тартуунун жаңы жолдорун жана алар менен байланыштын жаңы формаларын өнүктүрүүнү зарылдыкка айландырууда. Кардарларга багыт алуу жана кардардык тажрыйбаны көбүрөөк жекелештирүү үчүн компания тарабынан маркетинг жана сатууну интеграциялоо талап кылынат. Мунун баары аталган милдетерди аткаруу үчүн мыкты кадрларды издөө жана кармап калуу боюнча маселелер менен коштолот. Биз компанияларга уюмдун ичинде маркетинг жана сатуу функцияларын интеграция кылууга, жакшыртууга, натыйжада кирешени көбөйтүп, пайданы болушунча көтөрүүгө жардам беребиз.

Маркетинг жана сатуу боюнча биздин кызматтар

Санариптик маркетинг стратегиясы

Сатуу машинасы

Маркетинг жана сатуу боюнча кардарлар менен биз кандайча иштейбиз?

Рынокту түшүнүү жана компанияны анализдөө:

Биз сырткы чөйрө кандай өзгөргөнүн жана компаниянын ичинде эмне натыйжалуу иштебей жатканын диагностика кылабыз.

Жаңы технологиялардын жардамы менен натыйжалуулукту жогорулатабыз:

Маркетинг жана сатуу функцияларын санариптештиребиз.

Узак мөөнөттүү атандаштык боюнча артыкчылыктарды түзөбүз:

Биз компаниянын рынокто туура жайгашуусун текшерип, кирешени башкарууну оптималдаштырабыз.

«Сатуу машинасын» курабыз:

Сатуу бөлүмүн түзүүгө же жакшыртууга жардам беребиз.

Кейс

Маркетинг жана сатуу

Бут кийим саткан дүкөндөр тармагы

Бут кийим саткан дүкөндөр тармагынын алдында кеңейүү милдети турган. Бул үчүн компанияга поизицясын аныктоосу керек эле. Консультанттар менен иштөө учурунда аймактар боюнча керектөөчүлөрдү изилдөө жүргүзүлдү. Рынокко жүргүзүлгөн анализдин негизинде маркетингдик стратегия иштелип чыкты. Персонал тандоо жана аларды окутууда жардам көрсөтүлдү, ассортимент боюнча матрица жана мерчендайзинг эрежелери иштелип чыкты. Ошондой эле, компаниянын консультанттарынын колдоосу менен дүкөндүн жаңы концепциясы иштелип чыкты, интерьердин жаңы дизайнын иштеп чыгуу иштерин тескөөгө чейин колдоо көрсөтүлдү. Натыйжада компания маркетингдик жаңы позицияга ээ болду, дүкөндөрдүн сырткы көрүнүшү толугу менен өзгөрдү, мерчендайзинг жакшырды, сатуу өстү.