Компания мөмө-жемиш кактарын өнөр жайдык көлөмдө жана кеңири ассортиментте өндүрүүгө адистешкен. Аны өндүрүүдө кант, боёктор, стабилизаторлор, даам күчөткүчтөр жана башка химиялык заттар колдонулбайт, ошондуктан аны сергек жашоо образы жана туура тамактануу продуктусу катары туура классификациялоого болот. Мындай продукт керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүндө барган сайын популярдуу болуп, премиум деп эсептелет. Ички рынок анча чоң эмес жана төлөө жөндөмү чектелүү болгондуктан, бул факторлор компаниянын стратегиялык жактан алганда ийгиликтүү өнүгүүсүн абдан чектеп келген. Мындай шартта продуктуну сырткы рынокторго чыгаруу зарылдыгы пайда болду – жетиштүү денгээлде чоң жана кирешеси жогору болгон потенциалдуу кардарлар бар Евробиримдиктин өлкөлөрү сыяктуу. Анын үстүнө бул өлкөлөр ВСП+ программасынын алкагында Кыргызстанга артыкчылык беришет.
Биздин консультант Германияда аталган компаниянын продуктуларын сатууга кызыктар болгон Мюнхендик немис өнөктөш менен байланышка чыгып, продукт жеткирүү боюнча тиешелүү келишимге кол коюлду. Биринчи жолкусунда ар кандай ассортименттеги 500 кг как жеткирүү макулдашылган, андан кийин ай сайын кеминде 500-600 кг ташылмакчы. Мындай жагдай компаниянын продукциясына атаандаштыкта баасы жагынан артыкчылык берип, натыйжада кирешелүү жана келечектүү рынокто сатууну өстүрүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачты, демек, көп жыл алдыга стратегиялык жактан өнүгүү менен камсыз кылды.