Акселерация программасынын алкагында Алайдагы (Ош облусу) кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүнө таандык продукцияларды чыгарган өндүрүүчү биздин консультантыбыздан кеңеш алды. Компания өз продукциясын чекене дүкөндөр жана Интернет аркылуу сатат. Бир аз мурда компания Вайлдберриз аркылуу каттоодон, ошондой эле Германиядан дүң сатып алуучу тапкан. Биздин консультант продукциянын ар бир түрүнүн маржиналдуулугун эсептеп чыгып, өндүрүүчү продукциянын кайсы түрүнө көңүл бурушу керектигин, кайсы түрлөрдөн баш тартуу керектигин так көрсөтүп берди. Базарларды изилдеп чыккандан кийин, ошондой эле жергиликтүү рынокко жана европалык рынокко басым жасоо сунушталды.