Бизге абитуриенттерди чет өлкөгө окууга жөнөтүү менен алектенген компания алардын кызматтарынын туура маркетингин уюштурууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылды. Долбоордун жүрүшүндө компаниянын кардарлары жана алардын муктаждыктары, атаандаштары жана компанияны алдыга илгерилетүү ыкмалары изилденди. Натыйжада, компаниянын маркетинг стратегиясы жана сатуу системасы иштелип чыккан. Консультанттар ар кандай өлкөлөр жана адистиктер үчүн кардар-компания сунуштаган пакеттерге кандай кызматтарды киргизүү керектигин аныкташты. Баасы эсептелип, ар кандай пакеттер боюнча сатуу планы түзүлдү. Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын да жазып чыгышты.