Биздин консультанттар КРдагы Шпаркассе (Sparkassenstiftung) (Германия) фондунун тапшырыгы менен бизнес-пландоо боюнча тренинг иштеп чыгып жана тренерлер үчүн өткөрүштү. Долбоордун максаты ишкердик көндүмдөр боюнча алган билимдерин Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын арасында андан ары тарката турган тренерлердин тобун даярдоо болчу. Долбоордун жүрүшүндө келечектеги тренерлер үчүн 5 күндүк окутуу өткөрүлдү, катышуучулар акырындык менен рынокту изилдөөдөн баштап финансыны пландаштырууга чейин бизнес-планды иштеп чыгуу боюнча толук процессти өздөштүрүштү. Андан соң консультанттар тренингдин катышуучулары өткөргөн тренингдерге катышып, алардын тренинг өткөрүү тажрыйбаларына таянуу менен келечекте бул сыяктуу тренингдерди өткөрүү боюнча тренерлер үчүн колдонмо иштеп чыгышты. КРдагы Sparkassenstiftung өкүлчүлүгү биздин консультанттардын ишине жогору баа берди.