Биздин компанияга көп түрдүү бакча өстүрүүнү кыялданган жаш ишкер кайрылган. Алгач ал кара өрүк, алма, алча, өрүк, малина өстүрүүнү көздөгөн. Иштин жүрүшүндө консультанттар аны эң жогорку маржалуу жана бири-бирин жакшы толуктаган мөмөлөргө – малина менен алчага басым кылуу туура болооруна ынандырышты. Алча түшүм бере электе, ишкер малинаны сатуудан киреше алып баштайт, анткени ал экинчи жылдан баштап түшүм бере баштайт. Бизнестин концепциясын аныктагандан кийин, консультанттар бул бизнес үчүн мыкты рентабелдүүлүктү жана инвестицияланган капиталдын жакшы кайтарымын көрсөткөн каржы моделин иштеп чыгышты.