Биздин консалтинг компаниябыз Ысык-Көл облусу боюнча КРнын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты жарыялаган Ысык-Көл облусунун экономика тармактарына баалоо жүргүзүү, бизнес-пландарды жазуу, тармактык кластер, инвестициялык лоттор жана башка аналитикалык документтерди иштеп чыгуу боюнча тендерди утуп алган. Долбоордун жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун экономикасынын ар бир тармагы боюнча баштапкы абал изилденип чыкты: статистикалык маалыматтар, эксперттер жана тармактын негизги оюнчулары менен ирээттүү интервьюлар жүргүзүлдү. Күчтүү жана алсыз жактар, ошондой эле коркунучтар жана мүмкүнчүлүктөр ар бир тармак боюнча талданды. Бул долбоордун жыйынтыгында облустун өнүгүүсүнүн негизги багыттары аныкталып, облустун экономикасын көтөрүү үчүн ошол багыттарга басым жасоого сунуш берилди. Мындан тышкары бир нече инвестициялык лот жана бизнес-пландар, ошондой эле тандалып алынган негизги багыттар боюнча тармактык кластерлердин сүрөттөмөсү иштелип чыкты.