Бизге жаш ишкерлер үчүн бизнес-пландоо боюнча тренинг иштеп чыгуу өтүнүчү менен эл аралык долбоор кайрылган. Биз мурда иштелип чыккан материалды тез аранын ичинде аталган аудиториянын муктаждыктарына ылайыкташтырып чыктык. Тренингдин катышуучулары тренингдин форматына жылуу маанайда таң берип жатышты, анткени алар өз бизнес-пландарынын бардык бөлүктөрүн майда кадамдар менен иш жүзүндө текшерип көрүштү, финансылык пландоонун, керектөөчүлөрдүн каалоолорун анализдөөнүн жана өз продуктуларына атаандаштыкты жеңе турган артыкчылыктарды издөөнүн бардык кыйынчылыктары менен айрым жагдайларын өз жон териси менен сезип көрүштү. Биз көптөгөн жылуу кайтарым пикирлерди алдык, алардын айрымдарын биздин соцтармактардагы баракчаларыбыздан көрүүгө болот.