Биздин компания башка консалтингдик компания менен консорциумда Кыргызстандын тигүү фирмасын Германия рыногуна чыгуу стратегиясын иштеп чыгууга катышты. Германиянын чоң жана татаал кийим рыногун жана компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыккандан кийин, консультанттар жаңы рынокко чыгуунун жана аны сынап көрүүнүн арзан жолун табышты. Биздин консультанттардын өздөрү мурдагы ишкерлер болгондуктан алар ар дайым өз кардарларына жаңы рынокту сынап көрүүнүн эң эффективдүү жана үнөмдүү жолдорун сунуштай алышат. Рыноктун тенденциялары, мүмкүн болчу бизнес моделдери изилденип чыкты, рыноктун ар кандай сегменттеринин муктаждыктары аныкталды. Натыйжада компанияга анын максаттарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө болушунча жооп бере турган стратегия сунушталды. Рынокко кирүү үчүн бренддин таржымал-тарыхы иштелип чыкты. Германияда сатууну баштоо үчүн иш аракеттердин так алгоритми түзүлдү.